
ЛДПР партиясынын төрагасы Владимир Жириновский 7-жолу коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу ал өзү Telegram канал аркылуу билдирди.
Айтканына караганда, ал мунусунда "КовиВак" вакцинасын сайдырган.
Жириновский буга чейин бир жарым жыл ичинде 6 жолу коронавируска каршы эмдөө алганын билдирген болчу. Алгачкы 3 эмдөөнү "Спутник V" вакцинасы менен алган болсо, дагы үчөөнү "ЭпиВак" вакцинасы менен алган.