
Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 чарчы. болгон турак үй толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо жанында жайгашкан үйгө өтүп, жыгач устундуу шифер менен жабылган үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен үч адам жабыркап, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
"Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылып, таңкы саат 06:02де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.