
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызы Рухшона Эмомали Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Рахмондун өз кызын жаңы кызматка дайындаганы тууралуу жарлыгы 15-декабрда жарыяланды.
Рухшона Эмомали 2016-жылы Тажикстандын Улуу Британиядагы элчилигинде иштеген. 2017-жылдан бери Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.
Эмомали Рахмондун 7 кызы жана 2 уулу бар. Рухшона Рахмондун төртүнчү перзенти.