Аламүдүн районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу улантылууда

Чүй облусунун аймагында ички иштер органдарынын жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларынын алкагында Аламүдүн районунун Октябрь жана Васильев айылдарында жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу болуп өттү. Ага Аламүдүн РИИБдүн началниги милициянын полковниги Нурланбек Эркинбаев, райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү бийликтин, салык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Аламүдүн райондук ИИБдүн жетекчилиги үстүбүздөгү жылы милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, анын ичинде милициянын көчмө кабылдамасы менен өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтылды. Андан сырткары жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, айрым ички иштер органдарына байланыштуу маселерди өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи. Жыйында жергиликтүү жашоочулар мамлекеттик башка кызматтарга социалдык жана башка маселелери менен кайрылышып, жоопторду алышууга мүмкүнчүлүк болду.

Жолшгушуу учурунда дыйкан, фермерлер үчүн мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД