Милиция: Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу 1-июнда Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, топтун курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер кирди. Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылган Орхан Инанды Кыргызстандагы жыйырмадан ашуун "Сапат" жеке лицейин, "Ататүрк-Алатоо" университетин негиздеген.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки мамлекеттин мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Себат" билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен "Сапат" болуп өзгөргөн.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө "Маариф" фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД