Валентина Шевченко UFCнин салмактан тышкаркы рейтингинде биринчиге чыкты

Валентина Шевченко карьерасында биринчи жолу UFC уюмунун кыз-келиндер арасында мыкты мушкерлердин салмактан тышкаркы рейтингинде биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Валентина Шевченко сентябрь айында өзүнүн салмагындагы чемпиондук курун алтынчы ирет коргогон. Анда ал АКШлык Лорен Мерфини жеңип алган.

Буга чейин тизменин сап башында турган бразилиялык Аманда Нунес үчүнчү орунга түшүп калган. Ал эми экинчи орунга америкалык Роуз Намаюнас көтөрүлгөн.

Шевченко ошондой эле өзүнүн салмагындагы (57 кг) рейтингде дагы биринчи орунда турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД