
Нарын облустук милициянын жетекчилиги Кочкор районунун эли менен жолугушууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кочкор районунда мал уурулук жол кырсыктардын үй бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында бөлүмдүн көчмө кабылдамасы менен Кочкор районунун Чолпон, Мантыш, Кызыл-Дөбө айылдарында Нарын ОИИБнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Турпанбаев Мадланбек Турарович, бөлүмдүн начальниги милициянын подполковниги Абыкеев Азамат Зарлыковичтер эл менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелер талкууланып, жеринен көмөк көрсөтүлүп, элдик жыйында жолбун иттер көбөйгөнүн, карышкыр көп болуп жаткандыгын баса белгилешип, жол унаа кырсыктарынын алдын алууда айдоочулук күбөлүктү 18 жаштан жогору жашка берилсе деген бир катар сунуш пикирлерин ортого салышты.
Ошондой эле иш чара учурунда район аймагындагы К.Акназаров,Т.Курткаев атындагы орто мектептеринде уланып, мектеп жамааты жана окуучулар менен жолугушуп эрте никеге туруу, зомбулуксуз жашоо аталыштагы уштурулуп, окуучулар тарабынан чакан сценка к=рс=тълдъ.
Кочкор районунун аймагында 8-декабрынан 18-декабрына чейинки аралыкта жүргүзүлүп жаткан "Антирекет" зомбулукка каршы аталыштагы алдын алуу иш чарасынын алкагында райондун аймагындагы окуу жайларда лекция аңгемелешүү жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары соода-сатык түйүндөрүнө жашы жете электерге спирт ичимдигин тамеки заттарын сатууга тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүү баракчалары чапталып, ички жана тышкы мигранттардын балдарын окууга шарты түзүлгөндүгү боюнча жеринен үйлөрү кыдырылып,турмуш шарты оор үй-бүлөнүн балдарына оку куралдарына жардамдар берилип,инклюзивдик балдар менен тыгыз иш алынып барылууда.
Алдыдагы жаңы жылдык оюн-зоок кечелерине тыюу салу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кечкисин ата энесинин көзөмөлү жок жүргөн өспүрүмдөргө эскертүү менен ата-энелерине тапшырылып, профилактикалык иштер уланууда.