Борбор калаада "Троллейбуста окуу" акциясы өттү

Маданият жумалыгынын алкагында шаардык жүргүнчүлөр "Троллейбуста окуу" акциясына катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акция шаардыктардын көңүлүн адабиятка буруу максатында Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан борборлоштурулган китепкана тармагы менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чара жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө, белгилүү акын А.Осмоновдун дүйнөдөн кайткан жылдыгына жана Улуттук маданият күнүнө арналды.

"Троллейбуста окуу" эң узун №11 каттам менен чыгып, чыгыш автобекетинен Асанбай кичи районуна чейин каттады.

Борбордун китепканаларынын кызматкерлери троллейбустун жүргүнчүлөрүнө белгилүү жазуучулардын чыгармачылык биографияларын жана алардын чыгармаларынын тарыхын тартуулашты.

Шаардыктар Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармачылыгына байланыштуу викториналарга жана сынактарга катышты. Активдүү катышуучулар сыйлыктарга ээ болушту.

Көптөгөн жүргүнчүлөр уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, китепке болгон сүйүүсүн жандандыруу керектигин белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД