Мындан ары №206 кичиавтобустук каттамдын ордуна №41 автобустук каттам жүрөт

Шаардыктардын жана "Мурас-Ордо" конушунун тургундарынын кайрылуусу боюнча №206 кичиавтобустук каттам канааттандырарлык эмес иштеп жаткандыгына байланыштуу жана "Жазада-Транс" ЖЧКсы тарабынан шаар алдындагы келишимдик милдеттенмелери аткарылбай жаткандыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ) жогоруда аталган ишкана менен келишимдик мамилелерин токтотту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогоруда аталган кичиавтобустун жабылышына байланыштуу, №41 автобустук каттам ("Мурас-Ордо" ж/к – Ош базары) 3 айлык мөөнөт менен сынак өткөрүлгөнгө чейин "Шыдыр Жол Кей Жи" ЖЧКсына бекитилди. Келишимге кол коюлду.

Бүгүнкү күндө №41 автобустук каттам пландык чыгуусу 10 бирдик менен линияга 7 бирдик чыгууда.

"Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Коомдук транспорттун иши боюнча суроолор болсо төмөнкү WhatsApp номерине жазсаңыздар болот: 0 (502) 205 202. Биз дайыма байланыштабыз!", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД