Милиция чет өлкөлүк студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектин Ленин РИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракет кылуу кызматынын кызматкерлери Эл аралык медициналык жогорку мектебинин студенттерине профилактикалык иш-чара жүргүзүштү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз катчысы Сайкал Садыбакасова билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул иш-чаранын максаты – чет өлкөлүк студенттердин өмүрүнүн коргоолуусунун деңгээлин жогорулатуу жана тынчтыгын камсыз кылуу. Ошондой эле, алардын мыйзамдуу укугун коргоо.

Жолугушуу "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу" темасында өттү. Жолугушууга Эл аралык медициналык жогорку мектебинин ректору, профессор Сталбек Ахунбаев да катышып, ал медицина мектебинин студенттерине билим алгандан сырткары тарбиялык процесс да болушу керектигин эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД