Ош шаарында бүгүн жаңы жылдык балатынын оту жандырылат

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатынын оту бүгүн саат 19.00дө жандырылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатынын бийиктиги 31 метрди түздү.

Ош мэриясы шаар тургундарын жана конокторун балатынын күйүшүнө арналган иш-чарага катышууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД