
Айрым маалымат агенттиктеринде жарыяланган "Афганистан Ислам Республикасына Кыргызстандан мунайзаттар импорттолуп жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
2021-жылдын 16-декабрына карата КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу токтотулган.
Ошондой эле КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай заттарын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган.
"Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз Республикасынан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган", - деп айтылат маалыматта.