"Туратали базарынын" директору алмашты

Манас Усенов Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын сунуштамасы боюнча Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин башчысы кол койгон башка бир чечимге ылайык, Тынчтыкбек Батыркулов "Туратали базары" МИ директору болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД