Чүй милициясынын жетекчилиги диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 2021-жылдын 16-декабрында, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери жана Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлери Чүй облусунда жашаган ар улуттун диаспораларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын максаты - улуттар аралык негизде чыр-чатактардын келип чыгышын алдын алуу, өз ара сабырдуулукту, мыйзамдуулукту сактоонун зарылдыгын, тартипти бузуунун укуктук кесепеттерин талкуулоо.

Ошондой эле катышуучулар өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого багытталган өз ара аракеттенүү жана профилактикалык иш-чаралар, жаштар чөйрөсүндө терроризм жана экстремизмдин алдын алуу, бири-бирине жана ар улуттун өкүлдөрүнө сабырдуулукту сактоо маселелерине токтолуп кетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД