
Жыл башынан тартып, маршруттук унаалардын катышуусунда 109 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматы айдоочуларга түшүндүрүү жана текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Жыл башынан тартып, Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун катышуусунда 109 жол кырсыгы катталып, 177 жаран жабыркаган.
Бул келип чыккан жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгы болууда.
Мындай кырсыктардын алдын алуу багытында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү чыгыш жана батыш Автобекеттердеги жана Аламүдүн, Ош базарларындагы Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Казарман, Бишкек-Чолпон-Ата, жана башка каттамдарга каттаган маршурттук таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, авто унаанын техникалык абалын, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттардын, өрт өчүрүүчү жана санитардык талаптарга жооп берген аптекелык дары дармектерин текшерүүгө алууда.
Кызматкерлер тарабынан айдоочулардын каттамга чыгаар алдында сөзсүз автоунаанын техникалык абалы текшерилип, айдоочу наркология бөлүмүнөн өтүп, кан басымы, психологиялык абалы текшерилип, анан кана каттамга чыгуусу эскертилди.
Ошондой эле айдоочу каттамдан келгенден кийин, сөзсүз бир күн эс алып, психологиялык жактан толук даяр болуп, анан кана каттамга чыгуу эскертилли.
Кошумчалай кетсек жыл башынан тартып техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан техникалык бузуулары бар маршурттук унаалардын 95не тийиштүү протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынган.