
"Манас" эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 17-декабрында саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда. Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Бул тууралуу "Манас" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан "Турецкие авиалинии", Дубайдан "Флай Дубай" жана Москвадан "Аэрофлот". Ошондой эле, "АвиаТраффик" компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. Кошумчалай кетсек, "Эйр Астана" авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда.
Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:
"Манас" 0 312 693109
"Ош" 0 3222 90101
"Урматтуу жүргүнчүлөр жана коноктор, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз!
Биз үчүн коопсуздук баарынан артык!", - деп айтылат маалыматта.