Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдарга видео куттуктоо жолдошту

Видео куттуктоонун негизги максаты – бул балдарыбызды 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү жана жайкы каникулдун башталышы, алдыда турган көңүлдүү оюндар, жаңы ачылыштар жана таасирлер менен гана куттуктап калбастан, алардын келечеги жана жаркын турмушу үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин эскертүү болуп саналат.

Балалык - ар бир адамдын жашоосундагы өзгөчө мезгил. Себеби, ушул куракта анын инсандык касиети калыптанат, ден-соолуктун өзөгү түптөлөт. Өлкөдө үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, жогорку сапаттагы жана жеткиликтүү билим берүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери биринчи кезектеги милдеттердин бири бойдон калууда. Демек, ар бирибиз, баладардын эң маанилүү укугун - татыктуу жана бактылуу балалыгын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерибизди көрүүгө тийишпиз.

Майрам күнү - ар бир балдарыбыздын жүзүндө жылмаюу жаркырап, көздөрүндө кубаныч жана шаттык жаркырап турсун!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД