
14-декабрда болжол менен саат 04:25 чамасында Жети-Өгүз районунун Саруу айылында каракчылык кылмышты жасоого шектелген үчүнчү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБне Саруу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз 3 жигит ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайдан акчасын карактап кеткендиги билдирген. Бул билдирүү Кылмыш-жаза кодексинин кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери сурамжылоо иштерин жүргүзүп, белгисиз 3 жигит 14-декабрь күнү болжол менен саат 03:30 чамасында ок атуучу курал менен май куюучу жайдын терезеси аркылуу операторду коркутуп, акча талап кылышканын, оператор кассада болгону 1000 сом акча бар экенин айтканда, алар ошол акчаны алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин аныкташкан.
Ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Дархан айылынын тургундары - 28 жаштагы Ш.Ж. жаа 16 жаштагы Б.Б. кармалды. Ал эми үчүнчү шектүү ушул эле айылдын 26 жаштагы тургуну А.А.га карата издөөгө жарыяланып. Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери ыкчам иш аракеттеринин негизинде издөдө жүрөн үчүнчү кылмышка шектүү 26 жаштагы А.А Бишкек шаарынан кармалып тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.