Бишкекте секретариаттын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин жетекчилиги секретариаттын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин буйругу менен, ушул жылдан баштап Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы секретариаттардын кызматкерлеринин кесиптик майрамы киргизилген. Бирок, белгилей кетүүчү жагдай, бул кызматтын пайда болгонуна бул жылы 97 жыл толот.

Бүгүнкү күндө Ленин РИИбинин секретариатында айымдар кызмат кылып келет. Алар күн сайын документацияларды кабыл алып, сорттошот да тиешелүү жактарга жөнөтүшөт жана анын ишке ашышын көзөмөлдөшөт.

Ленин РИИБинин жетекчиси Бакытбек Нарчаев жана анын орун басары Талгат Өскөналиев секретариаттын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Куттуктоонун аягына бул кызматтын кызматкерлерине гүл жана акчалай сыйлыктар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД