Ысык-Көлдө балык уулоого кетип табылбай жаткан эки адамдын сөөгү табылды

Тоң районунда балык уулоого кетип дайынсыз болуп жаткан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Каджы-Сай айылынын тургундары - 1948-жылы туулган М.Ю. жана 1965-жылы туулган А.А. аттуу эркек кишилер балык уулоого чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес.

Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 33 куткаруучу, 7 суучул жана 1 фельдшер, ИИМден 17 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 14:40та ал адамдардын сөөгү табылган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын денелерин жээке чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД