
21-декабрдан баштап борбордо жаңы жылдык жарманкелер башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Үй-бүлөңүздөргө жана досторуңуздарга жаңы жылдык белектерди, айыл чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып алсаңыздар болот:
Даректери:
* 21-декабрдан 26-декабрга чейин, саат 15.00дөн 18.00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында;
* 21-декабрдан 30-декабрга чейин, саат 11:00дөн 16:00гө чейин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде.
Жарманкелерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталаарын белгилей кетүү маанилүү. Бет каптар, антисептиктер, аралык, эми, эң негизгиси майрам алдындагы жакшы маанай керек.