Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча сурак берип чыкты.
Ал 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонун, күбө катары сурак бергенин айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр ишине байланыштуу бир нече мурдагы жана азыркы аткаминерлерге айып койду.
31-майда "Кумтөр иши" боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.