Бишкек мэри балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн дагы эки бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана турак жай-укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле "Жетим балдар" жеңилдетилген категориясы боюнча райондук администрацияларда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган У.Ж.Курмангалиевге жана Б.К. Атановго муниципалдык турак жай берүү жөнүндө буйруктар чыгарылган.

Эске салсак, ушул жылдын ноябрь айынын башында муниципалитет башчысы балдар үйүнүн беш бүтүрүүчүсүнө үйдүн ачкычын тапшырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД