Борбор калаадагы бак-дарактар санитардык бутоодон өткөрүлүүдө

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери райондордогу авариялык абалдагы, куурап калган, үстү куураган, ошондой эле тамыр системасы чирип кеткен бак-дарактарды мөөнөттөрүн көрсөтүү менен комиссиялык экспертизадан өткөрүп, андан соң санитардык бутоо иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ошентип, төмөнкү көчөлөрдө үстүртөн жана терең санитардык бутоо, ошондой эле бузуу иштери жүргүзүлдү: Абдрахманов, Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрыхманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуга чейин, Фучик, Байтик-Баатыр, Ахунбаев, Горький, Юнусалиев, Жибек-Жолу Алматинскийге чейин ,Жаш Гвардия бульвары.

Ал эми Эмен сейил багында, Элдердин достугу скверинде, Өкмөт скверинде, Эркиндик бульварында Түгөлбай ата көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бак-дарактар пландуу санитардык бутоодон өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө Эркиндик бульварында Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолуга чейинки бөлүгүндө, Орозбеков, Раззаков, Элебаев, Лермонтов иштер жүрүп жатат.

"Урматтуу шаардыктар, санитардык бутоодон мурун биздин ишкананын агрономдору дыкат текшерип, куурап калган бак-дарактардын кооптуулугун аныктап, Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аймактык башкармалыгы менен иш-аракеттерди макулдашышат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД