
Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдеши өттү.
Оюндун жыйынтыгында, 1-орунду маданият кызматкерлеринен түзүлгөн "Өнөр" командасы, 2-орунду "Алга", 3-орунду "Президенттин администрациясы" командасы алды.
Ошондой эле, достук мелдешинде 9 гол киргизген президент Садыр Жапаров беттештин бомбардири аталды.