Таласта Мерседес унаасы жол кырсыгына кабылып, эки өспүрүм көз жумду

Талас облусунда жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда Талас районундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (Чат-Базар айылы) Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм - 2007-жылы туулган Б у Б. жана И.Ж аттуу жарандар жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жарандарды чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар ооруканага жетпей тез жардам кызматынын унаасында каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД