"Сапат" лицейинин мурдагы жетекчиси дайынсыз болууда

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы директору Орхан Инан дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июлда милицияга Бишкек шаарындагы 12-кичи районундагы көп кабатуу үйлөрдүн биринин жанында Lexus470 унаасы ээсиз, ачык турганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо органын кызматкерлерине Ю.К. аттуу адам аталган унаа атасына таандык экенин, атасы дайынсыз болуп жатканын айтып арыз менен кайрылган. Ал атасы менен акыркы жолу 31-майда саат 18:00дө телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, ошондон кийин байланышка чыкпагандыгын билдирген.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Орхан Инанды издөөгө дасыккан адисттерден турган атайын ыкчам тергөө тобу тузулүп, иш алып барышууда.

Ачык маалыматтарга таянсак, Орхан Инан теги түркиялык, кийин кыргыз жарандыгын алган. Кыргызстандагы жыйырмадан ашуун "Сапат" жеке лицейин, "Ататүрк-Алатоо" университетин негиздеген.

Айрым ЖМКлар Орхан Инанды белгисиз адамдар уурдап кеткендигин жеке булактарына таянып жазышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД