Ислам Кызматташтык Уюмунун 17-кезексиз сессия орун алды

2021-жылдын 19-декабрында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Ооганстан боюнча 17-кезексиз сессиясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Сауд Аравиясы Королдугунун Ислам Кызматташтык Уюмуна Туруктуу өкүлү – доктор Салех Хамад Алсухайбани менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы учурдагы кырдаалды, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев кыргыз-сауд мамилесин активдештирүү зарылдыгын, атап айтканда, эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүүнүн, кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комитеттин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн, ошондой эле 2022-жылы иш сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында, Министрдин орун басары А.Артыкбаев Сауд Аравия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД