
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 4740 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 10-декабрынан тартып, 16-декабрына чейин, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4740 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -79 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -23;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -57;
-Жасалма номур менен авто унаа айдоо -3;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 103;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 4475;
284 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.