Окуучулар кышкы каникулу качан башталат?

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 31-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулар 12 күнгө каникулга тарайт. Сабактар 2022-жылдын 12-январынан башталат.

Эске сала кетсек, 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД