Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарындагы Тимирязев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт саат 09:01де чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы жеринде иш алып барууда.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен ӨКМ аталган даректе ири өрт чыкканын, толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД