Бир суткада 329 бейтап коронавирус илдетинен айыкты

Бүгүн, 1-июнга карата коронавирус илдетинен 1 миң 758 бейтап медициналык жайларда дарыланууда. Акыркы 24 саат аралыгында бейтаптардын 329у ооруну жеңди деп үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Айыккандар:

Бишкек шаары - 200;

Ош шаары - 13;

Чүй облусу - 51;

Ош облусу - 10;

Талас облусу - 10;

Нарын облусу - 13;

Ысык-Көл облусу - 14;

Жалал-Абад облусу - 17;

Баткен облусу - 1.

Республикада коронавирус илдети катталгандан бери 98 миң 873 адам айыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД