Бажы кызматында кичи-футбол боюнча турнир өттү

Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөн күнүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 17-18-декабрында "Алай" спорттук комплексинде бажы кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча достук турнири болуп өттү. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Абдыкалыков катышты.

Турнирде жалпысынан 10 команда күч сынашты. Алардын ичинен 4-орунга МБКнын Борбордук аппаратынын командасы, 3-орунга "Манас" бажысынын кызматкерлери, 2-орунга Түндүк-Чыгыш бажысынын командалары ээледи, ал эми мыкты натыйжага Түштүк-Батыш бажысынын командасы жетишти.

Мини-футбол боюнча достук турниринин жеңүүчүлөрү кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД