Каракол шаары 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот

Ысык-Көл облусунун Каракол шаары расмий түрдө Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарынан эстафетаны кабыл алып, 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору болот. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык театрында "Душанбе – КМШ маданий борбору-2021" жылынын жабылышы жана 2022-жылга карата Каракол шаарына эстафетаны тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө КМШ Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары – Аткаруу катчысы Бекетжан Жумаханов жана Душанбе шаарынын төрагасынын орун басары Амирхон Курбонзода сөз сүйлөп, Каракол шаарына эстафетасын салтанаттуу түрдө өткөрүп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД