
Кыргызстанда миңден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркайга Токио Олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары ыйгарылды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 414 ымыркайга Акжол деген ысым ыйгарылган, 323 ымыркайга Айсулуу, 374 ымыркайга Мээрим ысымдары коюлса, дагы 279 ымыркайга Айпери деген ысым ыйгарылган. Ошондой эле, октябрь айында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Айсулуу, Мээрим жана Айперинин урматына үч эм кызга ысымдары ыйгарылган.