Университеттен кыймылдаткычтарды уурдап кеткен деп 2 жаран кармалды

Бишкектин милиционерлери тарабынан мамлекеттик мүлктү уурдаган деп 38 жана 36 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБинин басма сөз кызматкери Сайкал Садыбакасова билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 13-декабрында Бишкектин Ленин РИИБине борбор калаадагы университеттердин биринин өкүлү арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 12-декабрга караган түнү университеттин от жаккычынан белгисиз жарандар 3 фазалуу кыймылдаткычтарды жана башка буюмдарды уурдап кеткендигин билдирген. Келтирилген чыгым жалпысынан 100 миң сомду түзгөн.

Бул факт Ленин РИИБине уурулук беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Издөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип, 1983-жылы туулган И.А. жана 1985-жылы туулган Н.Т. аттуу жарандар кармалган.

Кылмышка шектелип кармалгандар Ленин райондук соту тарабынан СИЗО-1ге киргизилген.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана ошондой эле, кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД