Шаардык транспортту электрлештирүү боюнча макулдашуу долбоору каралды

Кечээ, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Шаардык транспорту электрлештирүү" долбоору боюнча гранттык жана кредиттик макулдашуулардын долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында баяндама жасаган Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозов белгилегендей, аталган макулдашуунун алкагында 25 млн доллар жеңилдетилген насыя, ошондой эле атайын каражаттардын эсебинен 25 млн 650 миң доллар өлчөмүндө грант бөлүү каралууда.

"Насыя 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди эсепке алуу менен 32 жылга алынат", – деди Таалайбек Орозов.

Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев эл ташуучу автобустар качан келип, качан ишке киргизилээрине кызыкты.

Өз кезегинде калаа башчысынын орун басары: "15-ноябрда тендер жарыяладык. Эми 15 январда тендер өтөт. Бирок келишимге кол коюуга каралып жаткан макулдашуу кабыл алынганда эле киргизилет. Андыктан алты ай аралыгында автобустар келип калат деп жатабыз", – деди.

Ал эми депутат Улугбек Садиковдун "Электр менен иштөөчү автобустар келсе, жол кире арзандайбы?" – деген суроосуна "Жол кире наркы өзгөрбөйт", – деп жооп берди вице-мэр.

"Бул туура эмес! Элдин акчасына чыгымы аз автобустар алынып жаткандан кийин, жол киреси да арзандатылышы керек",– деди депутат.

Ошондой эле депутат Айнура Аскарова Казакстандан алына турган автобустарга токтолуп: "Алар деле кытай ишканасы тарабынан даярдалат экен. Андай болсо, түз эле Кытайдан албайлыбы? Маселени толук карап, автобустардын сапатына өзгөчө көңүл бурсаңар", – деди.

Ошондой эле депутаттар Бишкек шаарындагы коомдук унаалардын жол кире акысын окуучулар үчүн 10 сомго түшүрүү сунушун беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД