"Ош базардын" жанынан жарандын акча жана телефонун тоногон жигит кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-декабрында болжол меен саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Рыскулов жана Поселок көчөлөрүнөн кесилишинен уюлдук телефон жана акча тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1982-жылы туулган Р.С. аттуу жаран жардам сурап кайрылган. Анда ошол эле күнү ошол эле даректен белгисиз балдар арыз ээсинин "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 15 000 сом акчасын тоноп андан ары качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД