
Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш бел боо күрөшү боюнча Гран-при мелдеши өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук оюндар боюнча дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, коомдук ишмер Баяман Эркинбаевди эскерүү мелдеши быйыл 10 ирет өтүп, ага Иран, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 160 спортчу катышууда.
Мелдеш эркектер (эркин жана классикалык түрү боюнча 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг) жана аялдар (эркин – 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, +70 кг.) арасында өтүүдө.
Аталган мелдешти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча департаменти, Улуттук оюндар боюнча дирекциясы жана Алыш эл аралык федерациясы өткөрүүдө.