Саясатчы Бактыбек Калмаматов Умрага баратканда УКМК тарабынан кармалды

Оппозициячыл саясатчы Бактыбек Калмаматов бүгүн 22-декабрда, түнкү саат 00:30дар чамасында "Манас" аэропортунан кармалды. УКМКнын кызматкерлерибиз деген адамдар ага күбө катары чакырылганын айтып, саясатчыны УКМКнын имаратына алып келгени тартылган видеону Бактыбек Калмаматов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Бактыбек Калмаматовдун видеодо айтканына караганда, ал Умра сапарына бараткан. Бирок, аэропортто чек арачылар ага өлкөдөн чыгууга болбойт экендигин айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД