"Ала качуу" тасмасы Оскар ала турган тасмалардын кыска тизмесине кирди

"Ала качуу" кыска метраждуу тасмасы Оскар ала турган фильмдердин кыска тизмесине кирди. Бул тууралуу режиссер, элчи Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Кыргызстанда тартылган "Ала Качуу" кыска метраждуу тасмасы Оскар ала турган фильмдердин кыска тизмесине кирди. Режиссеру немка Мария Брендл. Баардыгы болуп, бул тизмеге 15 кыска метраждуу фильм кирди деп Асель карындашым чалды. Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү дедим)))

Шамбаладан чоң жаңылык болот го деп күтүп жатканбыз", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД