Салык кызматы: 4 миңден ашуун ишкер салык мыйзамдарын бузушкан

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2021-жылдын 13-декабрынан 20-декабрына чейин Бишкек жана Ош шаарларында ишкердик субъекттердин дислокацисын тактоо боюнча кеңири масштабдуу контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө 20 миң 604 субъектти текшеришти. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, контролдоо учурунда 4 миң 26 ишкерден салык мыйзамдарын бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, 2 миң 310 субъектте контролдук-кассалык машинасы, 2 миң 59унда уруксат документтери (күбөлүк же патент) жок болгон. Мындан тышкары, 4 миң 319 жалданма жумушчулар менен эмгек келишими түзүлгөн эмес, 4 миң 333 жалданма жумушчуларга камсыздандыруу төгүмдөрү (полиси) төлөнгөн эмес.

Аталган субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, Салык кызматы ушул жылдын 13-декабрынан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук базасын түзүү жана тактоо боюнча масштабдуу иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Кызматкерлер жеринде электрондук дислокациянын системасы менен маалыматтарды салыштыруу аркылуу ишкерлерди толук камтуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө, контролдук-кассалык машинанын болушун жана колдонулушун жана башка ишкердикке уруксат берүүчү документтерин текшерип, тиешелүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизип жатышат. Ошондой эле чектердин берилише карата контролдук сатып алуулар өткөрүлүүдө.

Салык кызматы контролдук иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу салык төлөөчүлөрдөн салык органдарынын кызматкерлерине жардам көрсөтүүнү жана талап кылынган бардык материалдарды, маалыматтарды берүүнү өтүнөт.

Ушундай иштер 20-декабрдан тартып Чүй облусунун райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД