
Фейсбук соцтармагында "Айдаркен шаарчасында тажиктер сүрөттөгү энени сабап салышкан" деген маалымат тароодо.
Бул маалымат канчалык чын же жалгандыгы тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы маалымат берди:
2021-жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын 7-көчөсүнүн тургуну 30 жаштагы А.Ү. (улуту кыргыз) өзүнүн чон-энеси (женеси) Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 61жаштагы М. Зны Айдаркен шаарындагы соода базарынан үйүңүзгө жеткирип коемун деп алдап, өзү башкарып жүргөн "Деу Матиз" маркасындагы автоунаасына салып, Айдаркен-Сох автоунаа жолу аркылуу кетип жатып "менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып сен майып кылып койгонсун"- деп, автоунаасын токтотуп унаанын арткы эшигин ачып уруп денесине жараат келтирүүнү көздөп уруп- сабап, адамдын эркине каршы аракеттерди атайлап жасаган.
Бул факты Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-берене (Бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Сур айылынын 30 жаштагы А.Ү. кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.