Мээрбек Мискенбаев:Асылбек Жээнбековдун агасы жакында качып кетпесе камалат

Асылбек Жээнбековдун агасы жакында качып кетпесе камалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев Facebook баракчасына жазды.

Ал буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын жакындары мыйзамсыз боюу боюнча көптөгөн жерлерге арыз жазганын билдирди.

--"Сокенин тагдыры кийинкилерге сабак болсун! Мындан бир канча күн мурун президентке кайрылуу жасап, андан кийин Сооронбай Жээнбеков, иниси Асылбек, алардын үй-бүлөлүк кланынын үстүнөн бир канча жерлерге арыз менен кайрылгам.

Буюруса "жемишин" бере баштады. Асылбек Жээнбеков, Төрөбайлар камалганын окудум. Агасы да жакында качып кетпесе камалат. Кумтөр, мыйзамсыз баюу иштери - бул чети гана, дагы толгон-токой кылмыш иштери бар, тергелип жатат", - дейт Мискенбаев.

Эске салсак, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапташтарынын бири болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД