Башкы прокуратура судьяларга жаңыдан күчүнө кирген кодекстерди тапшырды

2021-жылдын 21-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Кумарбек Токтакунов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана жоруктар иштер боюнча соттук коллегиясына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстердин нускаларын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап, Жаңы Баш мыйзамга ылайык сот өндүрүшүнө байланыштуу бир катар мыйзамдар менен бирге эле жаңы кодекстер колдонууга кирди.

Башкы прокуратура Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго 400 нускада кодекстерди тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД