
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясынын жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балаты майрамына майыптыгы бар жана шаардагы 11 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жана үч көмөкчү мектептин тарбиялануучулары чакырылган.
Балаты майрамына миңге жакын бала катышты. Алар балдардын "Таберик" музыкалык театры тарабынан коюлган "Убакытка саякат" мызкалык спектаклине күбө болушту.
Филармонияга чогулган балдарды Жаңы 2022-жыл менен шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева куттуктап, таттуу белектерди тапшырды.