Бишкектин "Ынтымак" сейил багында 8 метрлик балаты орнотулду

Бишкектин түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" сейил багына Октябрь районунун 8 метрлик балатысы орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, иш-чарага Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, район башчысы Мирлан Эшкожоев, Аяз ата жана Аяз кыз катышты.

Сегиз метрлик балатынын оту жанып, иш-чара майрамдык шоу-программа менен коштолду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД