
Бүгүн, 23-декабрда Ирандын борбору Тегеран шаарынын метрополитенинде 2 поезд сүзүшүп кеткен. Бул тууралуу Farsnews Agency жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя Читгар районунда болгон.
Куткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 10 жүргүнчү жабыр тарткан. Анын бири оор абалда.