Таяк тартыш боюнча өлкө курамасы Дүйнө кубогунда 3 алтын медаль багындырды

Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 11 медаль жеңди. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 17-20-декабрда Финляндияда өтүп, дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн спортчулар катышты.

Кыргызстандан барган спортчулар 11 медаль багындырышты:

Алтын медаль – Элдос Айтбаев (70 кг), Айжан Анарбекова (85 кг), Кымбат Нуржанова (65 кг);

Күмүш медаль – Азамат Асанов (60 кг), Бекмырза Токтошев (65 кг), Адилет Аскарбеков (75 кг), Дильбара Иманканова (55 кг);

Коло медаль – Келдибек Атайбек уулу (105 кг), Дильдора Рахмонова (85 кг), Эльза Абдыкадырова (65 кг), Азат Таштанбеков (90 кг).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД