Аалы Карашев: "Элибиз президенттик башкарууну тандап алды"

Бүгүн, 1 - июнда Чүйдөгү Кой-Таш эс алуу борборунун жыйын залында жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодексин толуктоо боюнча көчмө жыйын өтүүдө.

Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын кодексинин айрым пунктарын толуктоо, алымча-кошумча кылуу боюнча эксперттик топ иш алып барууда.

Аталган топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эфективдүү иш алып барышы үчүн аларга тиешелүү шарттар түзүлүп, керектүү укуктар берилиши керектигин айтат.

"Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамдар Кыргызстан эгемендик алгандан бери көп өзгөрдү. 2010-жылы парламенттик башкаруу учурунда да бул мыйзам өзгөрүүлөргө дуушар болду. Мына эми жаңы Конституцияга ылайык, элибиз президенттик башкарууну тандап алды. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик эфективдүү иштеши үчүн керектүү мыйзамдарды кабыл алып берүү зарыл. Мына ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү нерселерди бириктирип, бир кодекс кылып кабыл алып берүү аракетин көрүп жатабыз. Бул азыр талкууланып эле жатат. Дагы бир канча баскычтардан өтүүсү керек", - дейт эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД